
Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу
Жанболот Калбаев улуттук "аркан тартыш" оюнун логикалык жана математикалык түрүн иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда окуу жайдан билдиришти.
Маалым болгондой, бул оюнда күч эмес, тез жана так эсептеген команда жеңүүчү аталат.
"Оюн жаштардын окууга болгон кызыгуусун жогорулатууга багытталган. Аны мектеп окуучулары, чоңдор деле ойносо болот. Жаш жаратман муну менен билимди жөнөкөй жана кызыктуу ыкма менен жеткиргиси келет", - деп белгиленген маалыматта.