Италиянын Альп тоолорундагы асма жолдо болгон кырсыктын кесепетинен 12 адам, анын ичинде бир бала жаракат алды. Ошондой эле 100гө жакын жүргүнчү асма жолдо камалып калып, тик учактар аркылуу эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, окуя Пьемонт аймагындагы Монте-Моро бийик тоолуу станциясында катталган. Италиянын өрт өчүрүү кызматы кырсыктан асма жолдун оператору жана кабинанын ичиндеги 15 жүргүнчүнүн экөө жабыркагандыгын кабарлашкан. Куткаруу иштерине Drago үлгүсүндөгү эки тик учак тартылган.
Жергиликтүү транспорт компаниясынын жетекчисинин айтымында, асма жол станцияга кирип жатканда ылдамдыгын жетиштүү деңгээлде азайтпай, натыйжада кабина коргоочу тосмолорду сүзгөн.