Жалал-Абад облусунда абак кайтарган жоокер өзүнө ок чыгарып, каза болду. Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, 5-январда саат 15:25 чамасында болгон.
ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментинин 5-кайтаруу батальонунда кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер №10 түзөтүү мекемесинде күзөттө туруп, өзүнө ок чыгарган. 18 жаштагы жоокер алган жаракатынан ошол жерден көз жумган.
Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы окуя болгон жайга жөнөп кеткени айтылды.
Бул окуя боюнча Жалал-Абад гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан соттук өндүрүшкө чейинки иш амалдары жүргүзүлүүдө.