Биз социалдык тармакта

Колумбияда учак кырсыгынан улам 15 адам каза болду 

Колумбиядагы Satena авиакомпаниясына таандык учак кырсыгынан 15 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган учак Колумбиянын Кукута аймагынан Оканья шаарын көздөй бара жаткан. Учакта 13 жүргүнчө жана 2 экипаж мүчөсү болгон.

"Satena Airlines NSE 8849 рейси менен Кукутадан Оканьяга учкан учак өлүмгө алып келген кырсыкка кабылды. Тилекке каршы кырсыктын кесепетинен 15 адам каза болгонун терең өкүнүч менен билдиребиз", - деп билдирүү калтырган аталган авиакомпания.

Каза болгон жүргүнчүлөрдүн жарыяланган тизмесинин арасында колумбиялык депутат Диоген Кинтеро болгону маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан