Биз социалдык тармакта

Иран Хаменеинин өлүмү үчүн өч алуу болорун эскертти

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеинин өлүмү үчүн өч алууну убада кылды.

"Хаменеинин адамзаттын эң мыкаачы террористтеринин жана жазалоочуларынын колунан шейит болушу бул улуу лидердин мыйзамдуулугунун жана анын чын жүрөктөн жасаган эмгегин таануунун белгиси", - деп билдирүү жасаган Сакчылар корпусу.

ИРКК ошондой эле "Иран элинин өч алуу колу аларды коё бербейт" деп белгилеп, Ирандын аскерлери ички жана тышкы кутумдарга чечкиндүү каршы турарын кошумчалаган.

Буга чейин Ирандын маалымат каражаттары Хаменеи АКШ менен Израилдин соккуларынын натыйжасында каза болгонун тастыкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан