Биз социалдык тармакта

Зумерлер системага каршы: Жаңы муун салттуу билимден баш тартууда

Узак жылдар бою кесиптик ийгиликке жетүүнүн негизги жолу катары эсептелген салттуу билим берүү системасы бүгүн Кыргызстандагы зумерлердин көз карашында бара-бара маанисин жоготуп барат.

Z муундагы жаштар барган сайын маанилүү суроону көтөрүп жатышат. Алар зыркы эмгек рыногунда диплом артыкчылык да, туруктуу келечектин кепилдиги да болбой калса, беш жыл окууга сарптоонун чыныгы пайдасы барбы деген суроо салышууда. Бул мотивациянын кризиси эмес, тескерисинче, жаңы муун билим берүү системасын кайра карап чыгуу керектигин так көрсөтүп жатат.

Экономикалык өзгөрүүлөр жана эмгек рыногунун ылдам өнүгүшү шартында бул суроо теориялык эмес, практикалык мааниге ээ болууда. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, жогорку билимдин маанисине күмөн санаган жаштардын саны өсүүдө жана Кыргызстан да бул көрүнүштөн четте калган жок. Жаштар натыйжаны тезирээк бере турган альтернативдүү жолдорду көбүрөөк карап жатышат.

Z муунуна адатта 1990-жылдардын ортосунан 2010-жылдардын башына чейин төрөлгөндөр кирет. Бул – санарип чөйрөдө өскөн, маалыматка жеткиликтүүлүгү жогору, тез ыңгайлаша алган жана ыкчам жыйынтыкка умтулган муун.

Окууга кызыгуу азайууда

Негизги себептердин бири – диплом менен жумушка орношуу ортосундагы түз байланыштын жоктугу. Бүтүрүүчүлөр көп учурда парадокс менен бетме-бет келишет. Жумушка орношуу үчүн тажрыйба керек, бирок тажрыйбаны жумушсуз алуу мүмкүн эмес. Натыйжада диплом ишенимдүү кепилдик катары кабыл алынбай калууда.

Мындан тышкары, теория менен практиканын ортосунда ажырым бар. Көптөгөн окуу программалары рыноктогу өзгөрүүлөргө жетишпей жатат. Технологиялар тез өнүгөт, ал эми окуу пландары жай жаңыланат. Ошондуктан студент бүткөнчө эле алган билиминин бир бөлүгү эскирип калат.

Каржылык фактор да чоң роль ойнойт. Акы төлөнүүчү билим үй-бүлөлөргө оордук жаратат, ал эми студенттер бир нече жыл туруктуу кирешесиз болушат. Бул билим алууну жыйынтыгы белгисиз инвестицияга айлантат.

Ошол эле учурда социалдык тармактардын таасири күчөп жатат. Жаштар блогинг, фриланс же онлайн-бизнес аркылуу акча тапкан теңтуштарын көрүшөт. Дипломсуз эле акча табууга мүмкүнчүлүк болушу узак убакыт окууга болгон кызыгууну азайтат.

Z мууна ылайыкташуу

Зумерлердин талаптары өсүп жаткан шартта айрым жерлер жаңы форматка ыңгайлашып үлгүрүштү. Мисалы, Орусиянын Татарстан аймагында “Алабуга Старт” аттуу эл аралык программа 3 жылдан бери иштеп келет. Бул программа кыздар үчүн арналган жана алар окуу менен бирге иштеп, дароо киреше табышат.

Жалпы 7 багыт бар: кейтеринг, сервис жана кызмат көрсөтүү, курулуш жана монтаж иштери, логистика, өндүрүш оператору, автотранспорт айдоочулары. Катышуучулар жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп, карьералык өсүшкө жетишип, лидерлик сапаттарын өнүктүрүшөт.

Кыргызстандан барган Аймира бул программада ашпозчу болуп иштейт:
– Мен адамдар менен баарлашууну жана командада иштөөнү үйрөндүм. Мурда бул жагынан кыйынчылыктарым бар болчу. Азыр айрым кыздарга насаатчы болуп, ишти үйрөтүп жатам, – дейт ал.

Программа маданий жана социалдык адаптацияга да көңүл бурат. Кыздар үчүн спорттук оюндар, сынактар уюштурулуп, Казань, Елабуга жана Набережные Челны шаарларына экскурсиялар өткөрүлөт.

Программаны аяктагандан кийин катышуучулар кесип боюнча сертификат алышат. Андан алар Орусияда калабы же мекенине кайтабы ар ким өзү чечет.

Жигиттер үчүн “Алабуга Политех” программасы бар. Бул жерде студенттер биринчи курстан тартып эле заводдордо иштеп, инженердик жана техникалык кесиптерди өздөштүрүшөт. Окуу системасы дуалдык: жарымы теория, жарымы практика. Багыттар арасында робототехника, микроэлектроника, биотехнология жана программалоо бар.

Билимден баш тартуунун коркунучтары

Салттуу билимден баш тартуунун да тобокелчиликтери бар. Биринчиден, фундаменталдык билимдин жоктугу. Айрыкча медицина, инженерия же мамлекеттик кызмат сыяктуу тармактарда дипломсуз өсүү кыйын.

Экинчиден, тез, бирок туруксуз жолдорду тандоо коркунучу бар. Санарип чөйрөдөгү кирешелер жогору болушу мүмкүн, бирок дайыма эле туруктуу боло бербейт.

Бүгүнкү күндө жаштар “окуймбу же окубаймбы” деген суроодон көрө, “кандай форматта окуйм” деген тандоого туш болушууда. Ар ким үчүн жооп ар башка: бирөөлөргө университет узак мөөнөттүү мүмкүнчүлүк берет, башкаларга практика аркылуу тез баштоо пайдалуураак.

Көпчүлүк үчүн чыныгы иш тажрыйбасы кызыл дипломдон да маанилүү болуп барат. Ошондуктан “Алабуга Старт” жана “Алабуга Политех” сыяктуу программалар пайда болууда.

Эң негизгиси – тандоону акыл менен жасоо. Ал стереотиптерге же сырттан болгон басымга эмес, рынокту түшүнүүгө жана жеке максаттарга негизделиши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан