• Сени бактылуу кылган нерседен акча аяба.
• Жактыбы – айт.
• Түшүнбөй жатасыңбы – сура.
• Жолуккуң келеби – чакыр.
• Керекпи – сура.
• Бүгүнкү күн менен жаша. Анткени кечээ өтүп кеткен, эртең болору белгисиз.
• Ката кетирдиңби, дароо моюнга ал да, кечирим сура. Өзүңдү актоо үчүн шылтоо издебе.
• Дайыма эсиңде болсун, ар кимдин өз чындыгы бар жана анын чындыгы сеники менен дал келбей калышы мүмкүн.
• Акылсыз адам менен талашпа, чындык далилдейм деп убара болбо.
• Эч кимге милдеттүү эмес экениңди унутпа жана сага да башкалар милдеттүү эмес экенин эсиңден чыгарба.
• Жашоодо эң негизгиси өзүңө таян, өзүңө ишен. Башкалардан үмүт этпе, ошондо түшүнбөстүк жаралбайт.
• Адамдардын сөзүнө эмес, ишине карап ким экенин талда.
• Жасай албаган нерсени жасайм деп убада бербе.
• Ишиңе ар дайым жоопкерчиликтүү бол. Ошол эле учурда сенин жоопкерчилигиңди жөнү жок колдонгондордон алыс жүр.
• Убакытка так бол. Өзүңдүн да, башканын да убактысын сыйлай бил. Сеникин сыйлабаган адамдан кач.
• Нерв болуу, ачуулануу – бул өзүң уу ичип алып, башканы качан өлөт деп күткөн менен барабар. Жөнү жок нерсеге нерв коротпо.
• Бирөөгө карыз болгондон корк. Карыз болсоң, бергенге шаш.
• Өзүңдүн маселеңе башканы күнөөлөбө.
• Аз сүйлө – көп ук.
• Бирөөнү сындагандан, көзү жокто ушактагандан алыс бол.
• Чымындан төө жасай бербе.
• Өткөндөн сабак ала бил.
• Күлкү – ден соолуктун мүлкү. Күнү бою күлгөнгө себеп изде, жыргап күл.
• Жакшы окуяларды, ойлорду жазып кой. Кийин окуган сайын жылуу сезимдер ойгонот.