Биз социалдык тармакта

Ошто чет тилдеги көрнөк-жарнактар мамлекеттик тил мыйзамына ылайыкташтырылууда

Ош шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын аткаруу боюнча иштер күчөтүлдү. Шаар мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде «Шанхай», «Пекин», «Таатан» жана башка чет элдик ишкерлер иш алып барган соода жайларындагы көрнөк-жарнактар менен маалыматтык жазуулар иретке келтирилүүдө.

Тийиштүү кызматтар тарабынан ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтер жоюлуп жатат. Чет тилдерде жазылган көрнөк-жарнактар жана маалыматтык белгилер мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык жаңыланууда.

Муниципалитет мындай иштер шаардагы бардык соода түйүндөрүндө этап-этабы менен улантыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан