Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев Бишкектеги №1 тергөө абагында эмес. Маалыматты Жазаларды аткаруу кызматы ырастады.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, Ташиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын жазышты.