Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелердин келечегине токтолуп, эки өлкөнүн союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүгү мындан ары дагы бекемделерин билдирди.
Анын айтымында, мындай багытты эки өлкөнүн президенттери аныктаган жана акыркы жылдары кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем негиз түзүлгөн.
Лавров коргонуу, коопсуздук, тышкы саясатты координациялоо, экономика жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты белгилеп, "Мен мындан ары да алдыга жылууну гана көрүп турам", - деди.