Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Астанага “Келечек оюндары - 2026” мелдешинин ачылышына катышуу үчүн барды

Президент Садыр Жапаров 29-июлда Казакстан Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Астана шаарындагы эл аралык аэропорттон мамлекет башчысын Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук “Келечек оюндары - 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларды да кыдырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан