Вашингтондун Иран менен болгон жаңжалда эки негизги максаты бар. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Fox News каналына берген маегинде билдирди.
"Биринчи максат - америкалыктар үчүн мунай менен газды арзан кармоо. Экинчиси Иранды эч качан ядролук куралга ээ болтурбоо", - деди Вэнс.
Вице-президент Кошмо Штаттар Иран менен болгон жаңжалдан күчтүү позицияда чыгаарына ишенерин билдирди.
"Менин оюмча, бул Кошмо Штаттардын күчтүү позицияда болушуна алып келет. Анткени Ирандын ядролук куралы болбойт жана Ормуз кысыгы Америка эли үчүн мунай менен газдын баасы туруктуу болгон абалга кайтып келет", - дейт ал.