Өлкөдө январь-июнь айларында орточо айлык акы 53 миң 759 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети берген маалымат жыйынында айтылды.
Маалыматта көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилге салыштырмалуу 27,5 пайызга өскөнү белгиленди. Эмгек акынын жогорулашы көп искусство, көңүл ачуу, эс алуу, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, билим берүү тармактарында, айыл жана токой чарбасында байкалган.
Эске салсак, быйыл январь–апрель айларына карата өлкөдө орточо айлык акы 49 миң 660 сомду түзгөнү айтылган.