Тышкы иштер министрлиги 27-августта Гималайдагы суу ташкындан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-августта Кытайдын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаарына караштуу Цзилун уездинде сел жүргөн.
Кытай тараптын алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 558 адам дайынсыз жоголгон, 2 адам куткарылган. Учурда аймакта издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.
Кыргыздын Кытайдагы элчилиги маалыматтарды тактоо иштерин улантууда.