Биз социалдык тармакта

"Бишкек Аренада" көчмөндөр оюндарына масштабдуу даярдык көрүлүүдө (видео)

"Бишкек Арена" стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата масштабдуу даярдыктар көрүлүүдө.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына иш-чарага көрүлүп жаткан даярдыктарды чагылдырган видеону жарыялады. Анда Туманбаев президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен өлкө тарыхый барагын ачып жатканын белгилеген.

Айта кетсек, оюндардын ачылыш аземи 31-августта "Бишкек Арена" стадионунда өтөт. Ал эми оюндардын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарында болот.

Быйыл эл аралык иш-чарага 100дөн ашуун өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүүдө. Анда спорттун 43 түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Учурда эл аралык иш-чарага кызуу даярдыктар көрүлүүдө.




"Бишкек Аренада" көчмөндөр оюндарына масштабдуу даярдык көрүлүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан