Биз социалдык тармакта

Көчмөндөр оюндары: Алтын тамгалар менен тарыхта калчу балбан кантип аныкталат?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы Көчмөндөрдүн Улуу күрөшү салттуу бел кур күрөшүнүн негизинде өтөт. Мелдешке башка күрөш түрлөрүндө жеңишке жеткен балбандар катышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, балбандар салмак категорияларына бөлүнбөй, абсолюттук салмакта күч сынашат. Күрөштүн негизги талабы атаандашын жерге ийгиликтүү ыргытуу. Мында упай эсептелбейт, атаандашын ыргыткан балбан жеңишке жетет.

"Мелдештин жыйынтыгында бир гана абсолюттук чемпион аныкталып, ага "Көчмөндөрдүн Улуу балбаны" наамы ыйгарылат. Жеңүүчүнүн ысымы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Улуу жеңүүчүлөрүнүн китебине алтын тамгалар менен жазылат", - деп белгиленди маалыматта.

Эскерте кетсек, күрөштөр 1-5-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан