Биз социалдык тармакта

Корумду чокусунда каза болгон эки альпинисттин өздүгү аныкталды

Корумду чокусунда каза болгон эки альпинисттин өздүгү аныкталды. Маалыматты Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалымдалгандай, жансыз денелер 43 жаштагы Беларустан келген Максим Полянский жана 37 жаштагы Литвалык Сергей Рубцовго тиешелүү экендиги аныкталды.

Ал эми аталган чокуда каза болгон үчүнчү альпинист 60 жаштагы Николай Свиридовду издөө иши аймактагы кооптуу абалга байланыштуу убактылуу токтотулган.

Эске салсак, 1-августта үч альпинист Корумду чокусуна көтөрүлүп, 2-августта акыркы жолу байланышка чыгышкан. Буга чейин 24-августта издөө тобу дайынсыз болгон эки адамды таап, 25-августта альпинисттердин сөөгү тик учак менен тоодон түшүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан