Кечээ, 27-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын капчыгайына 21 унаадан турган көчмө оорукана жеткирди.
Маалым болгондой, оорукана лаборатория, реанимобил жана операциялык бөлмөлөр менен жабдылган. Анда заманбап медициналык жана диагностикалык жабдуулар, абаны тазалоо жана сууну чыпкалоо системалары бар.
Көчмө оорукана суткасына 150 бейтапты кабыл алып, 20га чейин операция жасоого мүмкүнчүлүк түзөт. Бул жерде ӨКМдин жана Саламаттык сактоо министрлигинин Табигый кырсыктар медицинасы кызматынын 80 дарыгери иштейт.
Мындан тышкары, Кырчын аймагында медициналык жардамды ыкчам көрсөтүү үчүн ӨКМдин эки тик учагы да нөөмөттө турат.