Непалда суу ташкынынан улам каза болгон аял кишинин алтын сөйкөлөрүн чечип алган эки адам кармалды.
Окуя 26-августта Читван округунда орун алган. Интернет желесине тараган видео коомчулуктун кыжырын кайкатты. Кадрдан эки киши сууда жаткан жансыз аялдын кулагындагы сыргаларын башка адамдардын көзүнчө эле чечип алышканын көрүүгө болот. Полиция аларды 27-августта Бхаратпур шаарындагы автобекеттин жанынан колго түшүргөн.
Непалда чоң суу ташкыны болуп, жүздөгөн адамдар каза тапты.