Молдованын президенти Мая Санду Украина лидери Владимир Зеленскийге өлкөсүнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон "Республика" орденин тапшырды. Санду бул тууралуу кечээ, 27-августта Зеленский менен биргеликте берген маалымат жыйынында билдирди.
Ал сыйлык украиналык кесиптешине Европа континентинде тынчтыкты жана эркиндикти коргоого кошкон олуттуу салымы үчүн берилгенин белгиледи.
Айта кетсек, Зеленский Молдовага 27-августта барган.