Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштеринин сапаты жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү көзөмөлдөнүүдө. Текшерүү Курулуш министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүп жатканын мекмемеден билдиришти.
Маалым болгондой, учурда Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы тилкелердеги иштер аяктоо алдында. Сокулук районунда болсо жээктерди бекемдөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда.