Биз социалдык тармакта

Көчмөндөр оюндарына баргандар кандай коопсуздук талаптарды эске алышы керек?

1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына миңдеген көрүүчүлөрдүн келиши күтүлүүдө. Ага байланыштуу Маданият министрлиги иш-чара өтүүчү жайларга кирүүдө коопсуздук талаптарын сактоого чакырууда.

Маалым болгондой, көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында оюндар өтө турган аймактарда алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар боюнча чектөөлөр киргизилген.

- Курал-жарак жана ок-дарылар
- Бычак, курч миздүү жана башка кооптуу буюмдар
- Жарылуучу заттар жана пиротехникалык каражаттар
- Күйүүчү, тез тутануучу жана химиялык заттар
- Спирттик ичимдиктер
- Айнек бөтөлкө жана башка айнек буюмдар
- Лазер көрсөткүчтөр
- Уруксатсыз дрондор жана учуучу аппараттар

Уюштуруучулар сапар алдында баштыктарды текшерип алууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан