Казакстандын өкмөтү отставкага кетти. Бүгүн, 28-августта президент Касым-Жомарт Токаев тиешелүү жарлыкка кол койгонун жергиликтүү басылмалар билдирди.
Жаңы өкмөттүн курамы бекитилгенге чейин министрлер кабинетинин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантат.
Буга чейин Токаев өкмөт отставкага кетерин айтып, курамда кадрдык өзгөрүүлөр болорун билдирген. Анын айтымында, өзгөртүүлөр өкмөттүн ишине жаңы дем берүү максатында жүргүзүлөт.
Бул чечим 23-августта Казакстанда жаңы Курултайга шайлоо өткөндөн кийин кабыл алынды. Жаңы Конституцияга ылайык, өлкө эки палаталуу парламенттен бир палаталуу Курултайга өттү.