Бүгүн, 28-августта президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Кытай Эл Республикасынын Тибет автономдуу районунда селдин кесепетинин адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаардык округуна караштуу Гьиронг уездинде болгон селдин кесепетинен адамдар каза болду жана дайынсыз жоголду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.