Венгрияда салттуу көрүстөн казуу чемпиондугу ишемби күнү болду. Ага 38 адам катышып, экиден биригишип, 19 команданы түзүшкөн.
Чет элдик басылмалардын маалымтары боюнча, мелдеш өлкөнүн түндүгүндөгү Ньергешуйфалу көрүстөнүндө өткөн. Катышуучулар тереңдиги 1,6 метр, узундугу 2 метр жана туурасы 0,8 метр болгон мүрзөнү казышкан.
Жыйынтыгында Роберт Надь менен Ласло Кишемдин командасы жеңишке жетишкен. Алар белгиленген өлчөмдөгү көрүстөндү 1 саат 21 мүнөттө казышкан.