Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-сентябрда Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар анда кыргыз-норвег мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл аймактар аралык кызматташтыкка бурулуп, "Борбордук Азия - Түндүк Европа" форматындагы диалогдун актуалдуулугу жана практикалык мааниси белгиленди.
Анын алкагында жашыл экономика, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана транспорттук өз ара байланыштуулук чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери каралды.
Белгилей өтсөк, жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында орун алган.