Өлкө башчы
Садыр Жапаров кечээ, 23-сентябрда өлкөгө 8 күндүк иш сапардан кийин кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов кабарлаган.
Алагөзов мамлекет башчысы 15-сентябрдан кечээги күнгө чейин Корея менен АКШда иш сапарда болгонун, анын алкагында 32 саатын учакта өткөргөнүн белгиледи.
"№1 борт" Бишкек-Сеул-Аляска-Солт-Лейк Сити (Юта штаты)-Нью-Йорк-Шаннон (Ирландия)-Бишкек каттамы менен учуп жер шарын толук айланып келди. Сегиз күндө - үч континент",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.