Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында Судан Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Мухиддин Салим Ахмад Ибрахим менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында 23-сентябрда орун алган.
Алар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Тараптар кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.