Биз социалдык тармакта

Президенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүү боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө катуу тыюу салынат.
Эгер мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышып, кызмат абалынан пайдаланып кандайдыр бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн кызматкерлер тартиптик жоопкерчиликке тартылат. Ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан токтоосуз бошотулат.
Ошондой эле БШКга шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонууну жана жарандарга түшүндүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү сунушталды.
Өлкөдө президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Өнөктүктү өткөрүү үчүн 1 миллиард 200 миллион сом бөлүндү.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан