Биз социалдык тармакта

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен ишканаларды ачууну талкуулашты

Кыргызстан Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр менен жеңил жана текстиль өнөр жайы, машина куруу жана металл иштетүү, электр техникалык, химиялык жана фармацевтикалык өнөр жай, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлорго кызыкдар.

Бул тууралуу 25-сентябрда Душанбе шаарында өткөн ЭКУ өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесинде айтылды.

Бул жыйынга кыргыз делагациясынан атынан экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов катышты.

Анда биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштүк операцияларды жергиликтештирүү, тетиктерди чыгаруу, технологиялар менен алмашуу жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгуу белгиленди. Мындай долбоорлорго чакан жана орто бизнести активдүү тартуу сунушталды.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–август айларынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясы 1 396,8 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 111,0 пайыз болду. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 600,8 миллиард сомго жетип, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8 пайызга өстү.

2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8 пайызга өстү.

Министрдин орун басары өлкө өз ара инвестицияларды тартууга, өндүрүштөрдү технологиялык жактан жаңылоого жана биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан