Биз социалдык тармакта

Москва районунда 100 орундуу жаңы оорукана курулат

Республика боюнча 42 оорукана үчүн жаңы имараттар курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 29-сентябрда Чүйдөгү медицина мекемелерине барганда айтты.

Өкмөт башчы Москва районунун Жалпы медициналык практика борборунун инфраструктурасы менен жабдууларын карап чыкты.

Борбордун негизги имараты 1970-жылы курулган. Анын стационардык бөлүмү 171 орунга ылайыкталган. Борбор 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 медициналык-акушердик пунктту жетектейт.

Касымалиев Москва районунда 100 орундуу жаңы оорукана имараты куруларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан