Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияда шариятка ылайык үйлөрдү берүүнүн жолдорун киргизүүнү сунуштады.
Эл өкүлү динди карманган жарандар насыя жолу менен үй албай турушканын белгиледи.
"Алардын да МИКтен үй алгысы келет, бирок пайызды угушканда качып жатышат. МИК шариятка ылайык өзүнчө алтернативдүү турак жай механизмин иштеп чыкса",- деди Жаанбаев бүгүн, 30-сентябрдагы парламенттин жыйынында.