Парламенттин 30-сентябрдагы жыйынында депутат Бурул Аманова Бишкек-Ош аба каттамына билеттердин баасы кымбат болуп жатканын айтты.
Эл өкүлү белгилегендей, Бишкек-Ош аралыгы аба мейкиндигинде 300 чакырымды түзөт.
"Алдынкы жана иллюминаторго же ортоңку өтмөккө жакын орундуктарды билет баасынын үстүнө 1000-2500 сомго чейин кошуп сатып алганын айтышууда. Эгер билет ушундай сатылып жатса, эмнеге баасы арзандабайт?",- деди депутат.