Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу карыларды баккан үй-бүлө мүчөлөрүнө ассистент кызматкери катары акча төлөп берүүнү сунуштады.
Ал айткан демилгесин өкмөттү эске алууга чакырды.
"Өзүнүн негизги ишин таштап, ата-энесин карап жаткандарга ассистент кызматкери катары маяна төлөнүп берилиши керек",- деди Карыбек уулу.