Кечээ, 25-октябрда президент Садыр Жапаровдун Чаткалдагы жолугушуусунда маркум Айчүрөк Өмүралиеванын агасы өлкө башчысына кезикти.
"Урматтуу президент, соттук ишти 4 айдан бери күтүп жатабыз. Экспертиза жыйынтыктары туура эмес чыгып жатат. Карындашымдын ишин карап берүүңүздү суранам",- деп билдирди ал.
Өлкө башчысы аталган маселе боюнча Ички иштер министрлигине жана сот өкүлдөрүнө катуу талап коюп, ишти көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.
Эскерте кетсек, 26 жаштагы Айчүрөк аттуу келин быйыл июль айында "өзүнө кол салды" делип каза тапкан. Super.kg порталы Аксы районундагы ал окуяны жеринен чагылдырганбыз. Арадан эки ай өткөн соң маркумдун бир тууган агасы Акылбек мырза студиябызга келип, иштин жүрүшү жана экспертизанын жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, алгачкы экспертизада “Айчүрөк Өмүралиева спирттик ичимдик ичип, баңгизат колдонгондон кийин каза болгон” деген жыйынтык чыккан. Бирок Акылбек мырза бул корутундуга макул болбой, эксгумация жүргүзүүгө кайрылганын билдирди.