Биз социалдык тармакта

Газадагы кырсыктан улам каза болгондор аныкталды

8-ноябрда Газа секторунда нөшөрлөгөн жаандан улам болгон кырсыктан 5 адам каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалым болгондой, жоготууга табигый кырсыктын айынан ири көлөмдөгү таштардын басып калуусу себеп болгон. Алардын үчөө жаш балдар, экөө аял кишилер. Ошондой эле бир нече адам оор жаракат алган.

"Катуу жаандын кесепетинен Дейр-эль-Балах жеринде жер көчкү жүрүп, кум дөбөсү жер которуп, адамдар жашаган чатырларды басып калган. Учурда куткаруучулар дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин улантууда",- деп кошумчаланды маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан