Кыргызстандын чек ара кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык:
- Мирзамир Сыдыков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын башчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Майрамбек Исманалиев дайындалды;
- Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп Жаңыбай Юсубалиев бекитилди.