Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ала-Арча улуттук паркында 15 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу окуяны ар тараптуу текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда президенттик администрация билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүдө жардамдын өз убагында кабыл алынышы жана тиешелүү кызматтарга жеткирилиши, издөө-куткаруу иштеринин уюштурулушу, бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле техникалык жана адам ресурстарынын колдонулушу каралат.
Жыйынтыгы коомчулукка жарыяланып, мыйзам бузуу аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрү маалыматта кошумчаланды.