Кечээ, 10-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарында ЖККУнун уставдык органдарынын биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыйында аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери талкууланды. Кулубаев терроризмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, уюшкан кылмыштуулукка жана киберкоркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын соңунда бир катар документтер жактырылып, алар бүгүн, 11-ноябрда өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кароосуна сунушталары кошумчаланды.