Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов президенттик шайлоого өз талапкерлигин көрсөтүп, БШКга арыз менен кайрылды. Ал 2020-жылы да президенттик шайлоого талапкер болгон.
Талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат. Азырынча БШКга арыз бергендердин саны 7ге жетти.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Учурда өздөрүн талапкерликке көрсөткөндөрдү колдоо этабы "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүрүүдө.