Кара-Балта шаарында бейбаштык окуясы боюнча шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, 10-ноябрда Жайыл РИИБине 1998-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 20:30 чамасында Энергетическая көчөсүндө Б. аттуу жаран аны сабап, денесине жаракат келтиргендигин жана коркутуп, дарегине сөгүнгөн сөздөрдү айткандыгын билдирди.
Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукта талкуу жаратууда.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.Б. жана 1995 жылы туулган О.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.