Биз социалдык тармакта

Кубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти кызматына киришти

Кыргызстандык саясатчы Кубанычбек Өмүралиев кечээ, 12-ноябрда Түрк инвестициялык фондунун президенти кызматына киришти. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өмүралиевдин талапкерлиги алты мүчө-мамлекеттин өлкүлдөрү кирген Башкаруучулар кеңеши тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Ал ыйгарым укуктары 11-ноябрда аяктаган казакстандык Багдад Амреевдин ордуна дайындалды.

Эске салсак, Кубанычбек Өмүралиев 2022-2026-жылдары Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан