Бүгүн, 17-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Исхак Масалиев каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон 30 миң шайлоочунун колун топтоду.
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы маалыматтарга таянсак, Масалиевди 30 миң 36 шайлоочу колдоду. Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн башка жарандардын кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:
Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев жана Аймен Касенов да керектүү сандагы колду топтошкон.
Белгилей кетсек, кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.