Кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик кызматка орношууда кыргыз тили боюнча кошумча сынак тапшыруудан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу депутат Бактыяр Калпаев бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Депутат Бактыяр Калпаевдин айтымында, аталган адистиктин бүтүрүүчүлөрү беш жыл бою кыргыз тили жана адабияты боюнча билим алгандыктан, алардын тил деңгээли жетиштүү деп эсептелет.
"Биз аларды кыргыз тилин жогорку деңгээлде билет деп тааныйбыз. Бул демилге кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана аталган тармакта билим алган адистерди колдоого багытталган. Алгач жогорку деңгээл деп сунуштаганбыз, бирок депутаттардын пикирлерин эске алып, орто жана ортодон жогору деңгээлдерди да киргизип жатабыз",- деди эл өкүлү.