Бишкектин Аламүдүн-1 ыякичи районундагы ресторандардын биринен белгисиз адам ичинде акчасы бар баштыкты уурдап кеткен. Анын ичинде 1 миллион сомго жакын каражат болгону айтылууда.
Свердлов райондук милициясы окуя 10-ноябрда болгонун билдирди. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголду.
Учурда шектүүнүн өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.