Бишкек шаарында 16-ноябрда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө үч жарандын катышуусундагы жол чыры тартылган видео аныкталды. Анда эки эркек жана бир аял жолдун жүрүүчү бөлүгүндө туруп, коомдук тартипти бузуп, бири-бирине карата сөгүнгөн сөздөрдү айтып, жаңжалдашкан.
Ленин РИИБи окуяга катышкан бардык жарандардын өздүгү тактап, тергөөгө жеткирди. Алар 1998-жылы туулган Ю.Х., 1995-жылы туулган Ш.А. жана 1986-жылы туулган Ш.Т. аттуу жарандар экени аныкталды.
Аталган факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлдү. Эки эркек киши убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө уланууда.