Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең, 20-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, суу берүү токтотула турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.

"Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарындагы турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле өнөр жай объектилерине суу берүү убактылуу токтотулат. Ага себеп, шаардык суу топтомосунда трансформатордук көмөк чордондун оңдоо иштеринин жүрүшү", - деп билдирди мекеме.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан