Социалдык тармактарда Кайгуул милициясынын кызматкери кичинекей күчүктүн жолдон өтүшүнө жардам берип жаткан видео тарады.
Окуя борбор калаадагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдүн биринде болгон. Кызматкер күчүктү байкап, унаалардын кыймылын убактылуу токтотуп, күчүктүн жолдон өтүшүнө жардам берген.
Интернет колдонуучулары милиция кызматкеринин күчүккө көрсөткөн камкордугуна жылуу пикирлерин жазышууда.