2027-жылдын 27-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого ат салышууга ниеттенген 11 жаран арыз берген. Мыйзамга ылайык, алардын ар бири каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултууга тийиш.
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы сааттарга алынган маалыматтарга таянсак, алардын кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:
Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов жана Исхак Масалиев керектүү сандагы колду топтошкон.
Белгилей кетсек, кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Анын аякташына 18 күн калды. Талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт.
Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрда башталып, 2027-жылдын 26-январына чейин уланат.