Биз социалдык тармакта

Кадамжай районуна жаңы аким дайындалды

Бүгүн, 20-ноябрда Мирлан Урматов Баткендин Кадамжай районунун акими кызматына дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мирлан Урматов 1982-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Түз айылында туулган. Ал юридика багытында жогорку билимге жана экономика тармагы боюнча магистр даражасына ээ.

Буга чейин Ички иштер министрлигинде, Сокулук районундагы Кайназарова, Гавриловка жана Кожомкул айыл өкмөттөрүнүн башчысы кызматтарында иштеген. Ал эми 2025-жылдын октябрынан тарта Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан